super.kg logo
  Саясат  

Ош шаардык билим берүү башкармалыгында усулдук бирикменин жетекчилеринин катышуусунда иш-чара өттү

 

Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу мектептердеги предметтик усулдук бирикменин жетекчилеринин усулдук таймашы болуп өттү. Бул тууралуу 22-февралда аталган башкармалыктан билдиришти. Иш-чара «Окутуунун жана тарбиялоонун биримдиги – билим берүү системин реформалоонун артыкчылыктуу багыты» деген ураандын астында ишке ашырылды. 

М.Горький атындагы №8-мектепте уюштурулган таймашка Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Абдыкалык Акжолов, башкы усулчу Гүлмира Осекова жана предметтердин усулдук бирикме жетекчилери катышты.

Аталган ринг 2 саатка созулуп, анда шаардагы мектептердеги айрым жетишкендиктер, чечилиши керек болгон көйгөйлөр, мугалимдердин тажрыйбасын жайылтуу боюнча ойлор айтылды. 

Андан сырткары өзбек тилдүү мектептерде китептер жетишпегендиктен, кыргыз тилиндеги китептерди колдонуу, орус жана өзбек тилдүү мектептердин бүтүрүп жаткан ар бир окуучусу мамлекеттик тилден сынак берүүсү керек деген өңдүү сунуштар айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: