super.kg logo
  Саясат  

Янукович өлкөсүндөгү окуяларды “бандитчилик” деди жана президенттиктен кетпей турганын билдирди  

 

Украинанын президенти Виктор Янукович өлкөсүндөгү акыркы окуяларды “бандитчилик” жана “төңкөрүш” деп атады. Муну президент бүгүн, 22-февралда телеканалдардын бириндеги маегинде айтты. Янукович парламент кабыл алган акыркы чечимдердин мыйзамсыз экенин жана президенттиктен кетпей турганын да жар салды. 

“Өлкөдөн эч жакка чыкпайм жана отставкага кетпейм, мен мыйзамдуу шайланган президентмин. Мындан ары өлкөнүн түштүк-чыгышына барам жана мындан ары эмне кылуу керектигин жарандар менен сүйлөшөм”,- деди президент.

Эскерте кетсек, өлкө парламенти бүгүн атайын токтом кабыл алуу менен экс-премьер-министр Юлия Тимошенкону түрмөдөн бошотту жана президенттин ыйгарым укуктарын токтотту. Муну менен кезексиз президенттик шайлоо 25-майда өтө турган болууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: