Жалал-Абад. Базар-Коргондо “Мен мекендин коргоочусумун!” аттуу акция болуп өттү (фоторепортаж)
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда “Мен мекендин коргоочусумун!” аттуу акция өттү. Бул
тууралуу Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Маалыматка ылайык, 22-февралда Базар-Коргон РИИБинин жетекчилиги, милиция кызматкерлери, Аскер комиссариатынын офицерлери жана Баткен согушунун ардагерлери менен биргеликте майрамга карата “Мен мекендин коргоочусумун!” аттуу ураандын астында өспүрүмдөрдү ынтымактуулукка, патриоттуулукка, мекенди сүйүүгө тарбиялоо максатында иш-чара өткөрүлдү.
Кеңеш
айыл аймагында жайгашкан №25 К.Артыгалиев, №11 М.Алыкулов, №13 Б.Анаркулов,
№31 Абдрахманов атындагы орто
мектептеринин 10-11-класстарынын окуучуларынан арасынан 20
бала тандалып, алар Майлы-Суу шаарындагы
30295-аскердик бөлүгүнө экскурсияга барып, аскердик турмуш менен таанышып келишти. Анда өспүрүмдөр аскердик курал-жарактарды, техникаларды көрүшүп, аскердик тартип менен тизилүү мүмкүнчүлүгүн
алышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















