super.kg logo
  Саясат  

Жалал-Абад. Жаштар Мекенди коргоочулардын майрамынын алдында аскерлердин турмушу менен таанышышты (фоторепортаж)

 

22-февралда «Жаштар кылмыштуулукка каршы!», «Биз мекенди коргойбуз!» деген ураандардын астында  Жалал-Абад ОИИББинин жетекчилигинин демилгеси менен шаардык аскер комиссариатынын жетекчи  офицерлери, коомдук жана жаштар уюмдарынын, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, милициянын ардагерлери жана кызматкерлери болуп 900гө жакын адам катышкан жүрүш өткөрүлдү.

Сузак районунун Кызыл-Сеңир айылынан баштап 10 чакырым аралыктагы адырдагы ок атуучу полигонго чейин саптык салтанаттуу жүрүш шаңдуу ыр менен коштолду.

Иш-чара Ооган согушунун ардагерлери, аскер комиссариатынын офицерлери, жогорку жана кесиптик окуу жайлардын студенттеринин катышуусунда өттү.

Спорттук-күжүрмөндүүлүк даярдыктар (граната ыргытуу, гиря  көтөрүү, аркан тартыш, патриоттук ырлар)  боюнча мелдештер өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө дипломдор, баалуу белектер Жалал-Абад ОИИББинин  жетекчилери тарабынан уюштурулуп, Ооган ардагерлери, аскер комиссариатынын офицерлери, окуу  жайлардын жетекчилери тарабынан тапшырылды. 

Бул жүрүштүн максаты кылмыштуулуктун алдын алуу, жаштардын алгачкы аскердик даярдыгын жогорулатуу, мекенди сүйүүгө, патриоттуулукка тарбиялоодо Ооган жана милициянын ардагерлери, аскер кызматкерлери  насаатчы, үлгү катары өздөрүн көрсөтүшүп, насааттарына көңүл буруу, өспүрүмдөрдүн бири-бирине болгон мамилелерин жакшыртуу, улуттар аралык ынтымакты чындоо болуп саналат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: