super.kg logo
  Саясат  

Жалал-Абад. Өзгөчө кырдаалдар министри сел, жер көчкү коркунучу бар аймактардын абалы менен жеринен таанышты 

 
22-февралда өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов иш сапары менен Жалал-Абад облусунда болуп кайтты. Бул тууралуу 23-февралда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. 
Аталган аймактын жетекчилери менен сел жана суу ташкындары, жер көчкүлөрү болуп кетүүчү кооптуу аймактардын абалы менен жеринен таанышты.
Кызыл-Суу айылынын калкы көпүрө жоктугунан кыйналышканын айтышса, Сузак районунун эли Кара-Дарыя жана Көк-Арт дарыяларынын көйгөйүнөн арыла албай жаткандыгын билдиришти.
Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов: "Республиканын аймагында 14 миңдей кооптуу жер бар, алардын баарын бир мезгилде жасоо үчүн 16 миллиард сомдун тегерегинде акча каражаты зарыл. Бюджеттен жылына Өзгөчө кырдаалдар министрлигине атайын кырсыктардын алдын алуу жана алардын кесепеттеринен келип чыккан кырсыктарды жоюу үчүн 300-400 миллион сом гана каралган. Ошондуктан каржынын тартыштыгын эске алып, жумушту өтө кооптуу жана зарыл объектилерден баштайбыз",- деди.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: