Футбол боюнча "Ала-Тоо кубогун" бишкектик “Алга” клубу утуп алды
22-февралда Кант шаарында футбол боюнча Кыргызстандын ТОП-Лигасынын жана Биринчи Лигасынын командаларынын катышуусундагы "Ала-Тоо кубогу" жыйынтыкталып, бишкектик “Алга” клубу жеңүүчү аталды. Бул тууралуу “Абдыш-Ата” футболдук клубунун расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка ылайык, финалдык беттеш бишкектик “Алга” менен канттык “Наше пиво” клубдарынын ортосунда болуп, 2:0 эсебинде коноктор жеңишке жетишти. Ал эми 3-орун үчүн канттык “Абдыш-Ата” менен бишкектик “Дордой” кез келип, оюндун негизги убактысын 0:0 эсебиндеги тең чыгуу менен жыйынтыкташты. 11 метрлик айып соккусунда канттыктар жеңип чыгышты. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:31
2025-12-19
Рейтинг:
0
0

Супер-Инфо
super.kg видео


















Саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат!