Жумгалдагы сот учурунда болгон жаңжалдан кийин жоголгон милиционер табыла элек
Жумгалдагы элдик соттогу жаңжалдын натыйжасында Жумгал суусуна ыргытылган үч айыпталуучу милиция кызматкеринин бири Рустам Токтогулов 20-февралдан бери табыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда SUPER.KG порталына ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Нургазы Аматов
Маалым болгондой, "Кара-Кечеде Айбек Мамбеталиевди өлтүргөн" деп шектелген дагы эки милиционер Бишкекке алынып келди. Алар ИИМдин бейтапканасына жаткырылган. Бири катуу күйүк алып, экинчиси ур-токмокко алынган. "Учурда үчүнчү милиция кызматкери Рустам Токтогуловду издөө боюнча иштер жүргүзүлүүдө",- деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы.
Белгилей кетсек, 21-февралда Жумгалдагы элдик сот боюнча “адам өмүрүнө кол салуу”, “сот адилеттигин жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу”, “бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү”, “мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу” беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.
Эскерте кетсек, Кара-Кечеде каза болгон Айбек Мамбеталиевдин жакындары 20-февралда болгон сот отурумунда жаңжал чыгарышкан. Анда айыпталып жаткан 3 милиция кызматкерин көздөй күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөр ыргытылып, залда өрт чыккан. Натыйжада бир милиция кызматкери катуу сабалып, күйүк алган. Экинчисин Жумгал суусуна ыргытып жиберишкен. Ал эми үчүнчүсүн милиция кызматкерлери аман алып калышкан.
Маалыматка караганда, айыпталуучу тараптын адвокаты ишти облустук сотто кароону суранган. Муну Жумгал райондук соту карап, ишти Нарын облустук сотуна жөнөттү. Мындан улам маркум Айбек Мамбеталиевдин жакындары нааразычылык билдиришип, аягы ызы-чууга айланып кеткен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:03
2025-06-25
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(10)
tairbek.

24.02.2014. 11:54
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Украинага окшоп баратабы?
mirbakg

24.02.2014. 12:11
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы кылышыптыр башкаларга сабак болот Бул окуянын болгонуна Канча болду сот эмдигиче Бул ишти жаппай созуп Журот ! Адилет чечимин чыгара албаган сотту да кошо ыргытса Жакшы болмок !!
azamatali_i

24.02.2014. 12:12
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туура кылышкан азаматтар....болбосо соттор чечим чыгара албадык деп республикалык сотко чейин келмек и акырында бул кылмыш иши жабылып кетмек!
Aitunuk

24.02.2014. 13:46
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Барган сайын адамдар таш боор болуп баратат, зомбулукка зомбулук көрсөтүү менен алар да ал соттолуучулардан айырмасы жок экендигин көрсөтүшкөн. Минтип отурсак адамкурут болобуз. Кудай сактасын.
Misi

24.02.2014. 14:16
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кудай жеткизсин куноосуз адамдардын убалы уктатпасын. кимге жамандык кылса ошонун башына келет. милициялардын укугу качан корголот. ит олгон жерде милиция куноолу.
primus

24.02.2014. 15:15
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Да азыркы учурда мыйзам иштебей жатат.кай.жерге барба коррупция.бардыгы келип мына ушул коррупциянын айыбынан болуп жатат.болницага барсан бизде места жок бизге ооруп олот дегенде кел деп жатышат.сотко барсан айыбын барбы жокпу кызыктырбайт кимиси акчаны кобуроок берсе ошол тарап акталып чыгат. муну кантип токтотсо болот
maks83

24.02.2014. 16:42
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
primus, бизге каттуу президент керек ошондо токтойт.назик президент эмес
hakker

26.02.2014. 17:24
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
maks83, Эн туура бизге Сталинге окшогон мыйзамды биринчи орунга койгон катуу,эрктуу Ажо керек.Ошондо жегендер тыйылып,коррупция озу эле токтойт болчу.Кылмышкерлер жазаланбаса,бардак боло берет...
bek-93

24.02.2014. 16:43
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сотторго ишенбеш керек, кучун жетсе озун эле жазала, туура кылышкан мага жакты, азамат жигиттер экен...
maks83

24.02.2014. 16:48
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошодо тируубу же олгонбу
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.