super.kg logo
  Саясат  

"Аалам сырлары" берүүсүнүн катышуучусу Индира Исманкулова "пара талап кылуу" кандайча болгонун айтып берди

 
Индира Исманкулова "акча сурашат деп күткөн эмесмин" дейт
Чуулгандуу аудиожазуунун каарманы Индира Исманкулова супер финал үчүн "пара талап кылуу" кандайча ишке ашканын SUPER.KG порталына айтып берди. 
"Дана Абдыбекова финалга 4 катышуучу чыкканыбыздан кийин мага байланышып, "Финал болду, эми дагы кандай пландарыӊыз бар?" деди. Мен "билбейм" деп жооп бердим. "Сиздин жаӊылышып калган учурларыӊыз да бар. Финалга чыкканыңыз үчүн ыраазычылык билдирүүлөр болобу?" деди. Аны ким чечерин сурасам, "Асыл Аппасова" деди. Ойлонуп калып, "билбейм, ойлонуштуруп көрөйүн" деп жооп бердим. Эртеси байланышты, "Тюбетейкага" бардык. Ошол жерден "30 миң доллар бересиз" деп айтты".
Индира Исманкулованын айтымында, 20 миӊ доллар деген чекке сүйлөшүүлөрдөн кийин токтолушкан. Ортодо дагы кандай сөздөр болгон, эӊ негизгиси, бул сүйлөшүү кандай жол менен жазылып, кандай максатта коомчулукка таратылды, бул тууралуу "Супер-Инфонун" жума күнү чыгуучу жаӊы санынан окуй аласыздар. 

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: