Бүгүн Бишкек шаарынын айрым аймактарында таза суу берүү убактылуу токтотулат
Бүгүн, 25-февралда Бишкек шаарында таза суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Достоевский, Горький, Ауэзов жана темир жол линиясы менен чектешкен райондордо, Алтын-Ордо жаңы конушу, Кыргыз-Түрк “Манас” университети, №18-лицей, БУПП-3, №7-өрт өчүрүүчү бөлүмү, “СЭМ", "Ак-Жолтой", "Аман-Жол", "Кыргызэнергоремонт", "Алтын Ажыдаар", "Завод Сверл", "Аструм-Берекет”, "Реемстма", "Инхотек" ишканаларында таза суу берүү чектелет. Токтотууга оңдоп-түзөө иштери себеп болууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















