super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар Кызыл-Жар психиатриялык ооруканасындагы тополоңду жабык эшик артында карамай болушту

 
Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитети Кызыл-Жар психиатриялык ооруканасындагы тополоңду жабык эшик артында карамай болушту. Мындай сунушту депутат Галина Скрипкина айтып, комитет мүчөлөрү колдошту. Жыйынга саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева, башкы прокурордун орун басары Уланбек Халдаров, ички иштер министринин орун басары Бактыбек Жусубалиев катышууда. 
Эскерте кетсек, 17-февралда аталган ооруканада милиция кызматкерлери тинтүү жүргүзүп жаткан учурда ооруканадагылар ызы-чуу чыгарышып, укук коргоо кызматкерлерине кол көтөрүшкөн. Текшерүү аталган ооруканадан качып кеткен Заур Магомедов боюнча жүргүзүлгөн эле. Магомедов 9-февралда Балыкчы шаарында эки милиция кызматкерин атып, качып кеткен. Эртеси ал шериги менен Токтогул шаарында атып өлтүрүлгөн.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: