super.kg logo
  Саясат  

Дарыгер Нурмат Өмүров: "Депутат Нурбек Мурашев менен чырдашкан дарыгерди уурдоо пландалган болушу мүмкүн"

 

Бүгүн, 25-февралдагы маалымат жыйынында Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнүн жетексинин милдетин аткаруучу Нурмат Өмүров “ЖКнын депутаты Нурбек Мурашев менен дарыгер Жамал Тургунбаев чырдашкан учурда неврология бөлүмүнүн коридорунда дагы төрт адам күтүп жаткан” деп билдирди.

Анын айтымында, депутат жана анын иниси дарыгердин колун кайрып, бөлмөдөн коридорго чыгарып жатканда, неврология бөлүмүнүн кызматкерлери дарыгерди алып кетүүгө тоскоолдук кылышкан. Ошондой эле дарыгер Өмүрбек Калиев депутаттын төрт адамга “Силер кете бергиле, дарыгерди алып кетүү болбой калды. Бул ишти анан бүтүрөбүз” деп кайрылганын угуп, сырттан Жип унаасын байкаганын айтты.

Эске салсак, 13-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Мурашев жана Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнүн башчысы Жамал Тургунбаевдин ортосунда жаңжал болгон. Чырдашуунун себебин депутат Нурбек Мурашев "дарыгер менин инимдин аялына туура эмес диагноз койду" деп түшүндүргөн. Мындан сырткары дарыгер Тургунбаев менен жолуккан акыйкатчы Бактыбек Аманбаев "дарыгер сабалгандай эмес, денесинде көгөргөн жери жок" деп айткан. Бул боюнча Жамал Тургунбаев өз версиясын айтып берген

14-февралда депутаттын инисинин аялы көз жумган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: