super.kg logo
  Саясат  

Дарыгер Азат Тогочуев: "Кыргызстанда дарыгерлерди ур-токмокко алуу кадыресе көрүнүш болуп калды"

 

Бүгүн, 25-февралдагы маалымат жыйынында Улуттук госпиталдын профсоюздарынын башчысы Азат Тогочуев Кыргызстандагы дарыгерлердин сабалганы тууралуу айтты.

Анын айтымында, Улуттук госпиталда, хирургиялык борбордо, №4-шаардык ооруканада жана башка медициналык мекемелерде бейтаптардын жакындары дарыгерлерди ур-токмокко алышат. Неврология бөлүмүнүн жетекчиси Жамал Тургунбаевге кол көтөргөн адам ЖКнын депутаты болгондуктан, коомчулуктун көңүлү дарыгерлердин көйгөйүнө бурулду. 

"Медициналык кызматкерлер ур-токмокко алынгандыгын корккондуктан, жарыялап айтышпайт. Дарыгерлерди сабап салуу кадыресе көрүнүш болуп калды. Дарыгер Жамал Тургунбаев депутат тарабынан сабалгандыгы боюнча милицияга арыз жазган, бирок Мурашевдин депутаттык кол тийбестиги бар болгондуктан, кабыл алынбай калган",- деди Тогочуев.

Эске салсак, 13-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Мурашев жана Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнүн башчысы Жамал Тургунбаевдин ортосунда жаңжал болгон. Чырдашуунун себебин депутат Нурбек Мурашев "дарыгер менин инимдин аялына туура эмес диагноз койду" деп түшүндүргөн. Мындан сырткары дарыгер Тургунбаев менен жолуккан акыйкатчы Бактыбек Аманбаев "дарыгер сабалгандай эмес, денесинде көгөргөн жери жок" деп айткан. Бул боюнча Жамал Тургунбаев өз версиясын айтып берген

14-февралда депутаттын инисинин аялы көз жумган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: