super.kg logo
  Саясат  

Кара-Кече окуясы: Айбек Мамбеталиевдин өлүмү боюнча айыпталып жаткан милиция кызматкерлеринин туугандары маалымат жыйынында чуу чыгарышты

 
Айпталуучу милиция кызматкери Жоомарт Сыдыковдун агасы Аскар Сыдыков маалымат жыйын башталганда турбай коюп, иш-чараны өткөрүүгө тоскоолдук жасады
Кара-Кечеде "Айбек Мамбеталиевди өлтүрдү" деп шектелген Жоомарт Сыдыковдун атасы Асаналы Сыдыков журналисттерге Жумгалдагы сотто болгон дүрбөлөң боюнча айтып берүүдө
Кара-Кечеде каза болгон Айбек Мамбеталиевдин жакындары жана аны өлтүрдү деп шектелген милиционерлердин туугандарынын ортосунда милиционерлер турушту
Кара-Кечеде "Айбек Мамбеталиевди өлтүрдү" деп шектелген Жоомарт Сыдыковдун атасы Асаналы Сыдыков журналисттерге Жумгалдагы сотто болгон дүрбөлөң боюнча айтып берүүдө

Кара-Кечеде каза болгон Айбек Мамбеталиевдин туугандары бүгүн, 25-февралда уюштурган маалымат жыйында кылмышка шектелип жаткан милиция кызматкерлери Жоомарт Сыдыковдун туугандары чуу чыгарып, жыйынды өткөрүүгө тоскоолдук жасашты.

Жоомарт Сыдыковдун агасы Аскар Сыдыков: "Айбек Мамбеталиевдин жакындары сот аяктаганда айыпталуучуларга бензин чачып, аларды өрттөөгө аракет кылышты. Ошол эле учурда бөтөлкөлөрдүн калдыктары менен айыпталуучуларды урушту. Чатак 10 мүнөткө созулду. Милиция кызматкери келип тосмону ачканда, айыпталуучулар качууга аракет кылышты. Жоомарт Сыдыковду кармашып, унаага салып Айбек Мамбеталиевдин мүрзөсүнө алып барып, ошол жактан ур-токмокко алышкан. Экинчиси - Чыңгыз Баялиев качып, жашынып калды. Үчүнчүсү - Рустам Токтогуловду сабап, Көкөмерен дарыясына ыргытышкан. Анын денеси табыла элек",- дейт.

Эскерте кетсек, Кара-Кечеде каза болгон Айбек Мамбеталиевдин жакындары 20-февралда болгон сот отурумунда жаңжал чыгарышкан.






Кара-Кече окуясы: Айбек Мамбеталиевдин өлүмү боюнча айыпталып жаткан милиция кызматкерлеринин туугандары маалымат жыйында чуу чыгарышты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: