super.kg logo
  Саясат  

Бишкек шаарынын Малдыбаев көчөсүндө мыйзамсыз курулуп жаткан үйдү бузуу чаралары көрүлөт

 

Бишкек шаардык жеке турак жай департаменти Малдыбаев көчөсүндө мыйзамсыз курулуп жаткан үйдү бузуу чараларын көрөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы бүгүн, 25-февралда билдирди.

Маалыматка караганда, А.Малдыбаев көчөсүндө жайгашкан №20-жер тилкесинде тиешелүү документтери жок турак үйдүн курулушу мыйзамсыз жүргүзүлгөн. Мурда департаменттин кызматкерлери тарабынан жер тилкесинин ээсине “Орун алган мыйзам бузууларды жоюу жөнүндө” жазуу жүзүндө эскертүү берилген. Көрсөтүлгөн мөөнөттө кемчиликтер жоюлбагандыктан, шаар куруу жана архитектуралык ишмердикке каршы келген административдик тартип бузуу жөнүндө протокол түзүлгөн. 

Административдик материалдар Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна өткөрүлгөн. Соттун токтому менен Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 454-беренесине ылайык, үй ээсине 10 000 сом өлчөмүндө айып тагылган жана курулган объектти бузуу милдеттендирилген. Бирок соттун чечими аткарылган эмес. Департамент аталган маселе боюнча сот органдарына кайрадан кайрылып, соттун чечими менен жер тилкесин бошотуп, муниципалдык менчикке кайтарып берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: