super.kg logo
  Саясат  

ЕКПАнын өкүлү Кыргызстанга "демократия боюнча өнөктөш" статусун берүү маселеси иликтенип жатканын айтты

 

Вице-спикер Асия Сасыкбаева бүгүн, 25-февралда Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын Кыргызстан боюнча баяндамачы-эксперти Андреас Гросс менен жолугушту. Асия Сасыкбаева ЕКПАнын “демократия боюнча өнөктөш” статусу алкагындагы кызматташтык алакаларга Кыргызстан терең маани берерин, аны демократиялык институттарды бекемдөө шартында карай турганын айтты.

А.Гросс Европа кеңеши Кыргызстан менен болгон алакаларын улантып, ушу тапта өлкөгө “демократия боюнча өнөктөш” статусун берүү маселеси иликтенип жатканын билдирди.

Тараптар ЕКПА ишин уюштуруу, мүчө мамлекеттердин ассамблея ишине катышуусу, улуттук делегацияларды түзүү жаатында пикир алышты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: