Жылнаама: 26-февраль, мындан 64 жыл мурун Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеев жарык дүйнөгө келген

*1936-жылдын дал
ушул күнү Фольксваген үлгүсүндөгү унааларды чыгаруучу алгачкы завод ишке
кирген. 2007-жылы 5 миллиондон ашык унаа сатылганы белгилүү. Ишкананын башкы кеңсеси
Вольфсбург шаарында жайгашкан.
кошулду
Автор: Бекжан Рыскулов
*Мындан 64 жыл мурун Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеев жарык дүйнөгө келген. Ат-Башы районунда жол кызматкеринин үй-бүлөсүндө чоңойгон. Акынга 2010-жылы III даражадагы Манас ордени жана 2012-жылы "Эки дөөнүн күрөшү" чыгармасы үчүн Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлык берилген.
*1954-жылы 26-февралда Түркия Республикасынын Премьер-министри Режеп Тайип Эрдоган жарык дүйнөгө келген. Ал 2007-жылы шайлоочулардын 46,6 пайыз добушу менен өкмөт башчы болуп шайланган.*Мындан 7 жыл мурун Эл аралык “Манас” аэропортунун алдында президентти тейлөөчү “Эйр Манас” авиакомпаниясы негизделген. Анын жетекчилигине Эрик Акматов дайындалган.
*2013-жылдын бул күнү Египеттин Луксор шаарында аба шары өрттөнүп кеткен. Анда 19 киши каза болуп, 2 адам оор жаракат алган. Шар абада өрттөнүп, жерге кулап түшкөн. Каза болгондордун көпчүлүгү туристтер болушкан.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.