Бишкек гарнизонунун Аскер соту Мамлекеттик чек ара кызматынын мурдагы жетекчиси Курманакун Матеновду актады

Бишкек гарнизонунун Аскер соту Мамлекеттик чек ара кызматынын мурдагы жетекчиси Курманакун Матеновду актады. Бул тууралуу анын адвокаты Искендер Журабаев бүгүн, 25-февралда билдирди.
Мындай чечим сот отурумунда кабыл алынып, күнөөсү жок экени аныкталган.
Айта кетсек, К.Матеновго карата "алдамчылык" беренеси боюнча айып тагылып, ал "жасалма документтер менен пенсиясына кошумча акча каражат кошуп алган" деп айыпталган. Мындан улам ал кызматынан убактылуу бошотулган. Ал эми 22-февраль күнү кызматтан алынган. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Алмазбек Атамбаев кол койгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

