super.kg logo
  Саясат  

Депутат Назарали Арипов: "Кыргызстанда төңкөрүш болгон учурда чек арасын жаппаган жалгыз өлкө - Тажикстан"

 
Кыргызстан менен Тажикстан парламенттеринин ортосунда чек ара көйгөйлөрү боюнча кеңеш түзүлөт. Бул тууралуу ЖКдагы маалымат жыйын учурунда депутат Назарали Арипов билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандын Тажикстан менен чектешкен чек арасынын узундугу 930 миң километр. "Тажикстан менен чек ара көйгөйлөрү жарым-жартылай чечилип калды. Башка чектеш өлкөлөр боюнча парламенттер аралык комиссия иштеп жатат. Баса белгилеп койчу жагдай, Тажикстан - Кыргызстанда төңкөрүш болгон учурда чек арасын жаап салбаган жалгыз өлкө" деди Арипов. Депутат ошондой эле аталган кеңеш түзүлсө, кыргыз-тажик мамилелерин мындан ары да бекемдөөгө шарт түзүлө турганын кошумчалады.   





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: