super.kg logo
  Саясат  

Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын өкүлү Кыргызстандагы партиялык системди бекемдөө зарылдыгын айтты

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Алмазбек Баатырбеков бүгүн, 25-февралда Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын (ЕКПА) Кыргызстан боюнча баяндамачы-эксперти Андреас Гросс менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. 

Жолугушууда комитет төрагасы Борбордук Азияда Кыргызстан парламенттик башкаруу тутумуна өткөн алгачкы өлкө экенин айтты. Ошондой эле парламенттик тутумда мол тажрыйбага ээ өлкөлөрдүн тажрыйбаларын алууга аракеттенип жатканын билдирди. Парламенттик демократия жолун тандоо менен партиялык тутумдун жолго коюлушу жана бекемделиши тууралуу кеп кылып, ЕКПА тарабынан “демократия боюнча өнөктөш” макамын алууга Кыргызстандын талапкерлиги колдоо табарына үмүт артарын белгиледи. 

Андреас Гросс өз кезегинде партиялык системди бекемдөөнүн үстүндө иш алып баруу зарылдыгын айтып, бул багытта бир катар иш-чараларды өткөрүүгө, чыныгы демократияны курууга көмөктөшөрүн билдирди. “Демократия боюнча өнөктөш” макамына Кыргызстандын талапкерлиги оң жагына чечилет деп ойлойм”, - деди Гросс.

Жолугушууда тараптар ошондой эле эки тараптуу кызматташуу жаатында пикир алышты.

 

Маалым кат: 2011-жылы ЕКПА төрагасы М.Чавушоглу Борбордук Азия өлкөлөрүнө жасаган иш сапарында Кыргызстандын «демократия боюнча өнөктөш» статусун алуу өтүнүчү бар экенин билдирген. 2011-жылдын 24-октябрында Ассамблея бюросу кыргыз парламентинин арызын кабыл алып, аны тиешелүү корутунду берүү үчүн Саясий маселелер боюнча, Укуктук маселелер жана адам укуктарын коргоо боюнча, Жыныстардын теңчилиги жана басмырлоого жол бербөө боюнча комитеттердин кароосуна тапшырган. Кыргызстандын өтүнүчүн канааттандыруу чечимин ЕКПАнын 2014-жылдын апрель айында өтүүчү сессиясында кабыл алуу пландаштырылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: