Бишкекте каттоодон өткөн 8533 жумушсуз адам бар
Бишкекте 2014-жылдын 1-январына карата расмий каттоодон өткөн жумушсуздардын саны 8533 адамды түздү. Муну мэриянын маалымат кызматы билдирди. Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан былтыр 7978 жумушсуз жаран ишке орноштурулуп, 2012 адам кесиптик- техникалык окуу жайларга билим алуу үчүн жөнөтүлгөн. Коомдук иштерге 2537 жаран тартылганы айтылды.
Мэрия 2013-жылдын 9 айында борбор шаарда 17 395 адам ишке орношконун да билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

