super.kg logo
  Спорт  

УЕФАнын Чемпиондор Лигасында “Манчестер Юнайтед” конокто, “Зенит” өз үйүндө утулду

 
4-мүнөт. Генрих Мхитарян оюн эсебин ачып, "Боруссияны" алдыга сууруп чыкты.
5-мүнөт. Алгачкы 5 мүнөттө "Зенит" тарабынан кетирилген экинчи ката жана коноктордун иштиктүү оюну. Бул ирет Марко Ройс эсеп катыштыгын 2:0гө жеткирди.
57-мүнөт. Оюндун экинчи жарымында гана күчкө келген "Зениттен" алгач Олег Шатов айырмаланды.
61-мүнөт. "Боррусиянын" кезектеги голун жаратып, Роберт Левандовски эсепти 3:1ге жеткирди.
69-мүнөт. Бул ирет үй ээлеринен Халк эсеп катыштыгын 1 голго кыскартты.
71-мүнөт. Роберт Левандовски "Зениттин" эсепти теңөөгө болгон аракетине чекит коюп, өзүнүн экинчи, команданын төртүнчү голун жаратты.
"Боруссиянын" башкы машыктыруучусу Юрген Клопп шакирти Роберттин мыкты формада экенин белгилеп өттү.
Ал эми грециялык “Олимпиакос” менен англиялык “Манчестер Юнайтеддин” беттешинде экинчи голдун автору Жоэл Кэмпбелл "Олимпиакостун" экинчи голун киргизип, чейрек финалга ойнотулган жолдомо үчүн команданын мүмкүнчүлүгүн арттыра алды.
"МЮнун" коргоочусу Крис Смоллинг үй ээлеринен Эрнан Перес менен кезектеги күрөшкө түшүүдө.
"МЮнун" оюнчулары жооптук

Кечээ, 25-февралда УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын жарым чейрек финалынын алгачкы оюндары орун алып, орусиялык “Зенит” германиялык “Боруссияга” өзү үйүндө 2:4 эсебиндеги ири жеңилүүгө туш болду. Ал эми грециялык “Олимпиакос” өз үйүндө англиялык “Манчестер Юнайтедди” 2:0 эсебинде утуп алды.

Эске салсак, бул командалардын ортосундагы жооптук оюн 19-мартта өтөт. Үйдө жана конокто катталган эсеп катыштыгынын жыйынтыгында чейрек финалга чыкчу командалар белгилүү болот.  

Дэвид Мойес, “Манчестер Юнайтеддин” башкы машыктыруучусу: “Биз өтө начар ойнодук. Бизди азыр үмүттөндүргөн жооптук беттеш гана болууда. Бул жеңилүү боюнча жоопкерчиликти өз моюнума алам жана жооптук оюнда жакшы жыйынтык көрсөтөбүз деп ишенем".

Юрген Клопп, дортмунддук “Боруссиянын” башкы машыктыруучусу: "Бул беттеште оңой жеңишке жетиштик деп айтуу кыйын. Чейрек финалга чыгарыбыз тууралуу айтуу эрте. Биз өз үйүбүздө да мыкты оюн көрсөтүүгө тийишпиз. Негизи, беттештин башында “Зениттин” оюнчулары бошоңдук кылып, 2 гол киргизүүбүзгө шарт түзүштү".

 

“Зенит” (Орусия) – Боруссия” (Д, Германия) – 2:4

Голдор: Генрих Мхитарян (4-мүнөттө), Марко Ройс (5-мүнөт), Олег Шатов (57-мүнөт), Роберт Левандовски (61-мүнөт), Халк (69-мүнөт), Роберт Левандовски (71-мүнөт).  

“Олимпиакос” (Греция) – Манчестер Юнайтед” (Англия) – 2:0  

Голдор: Алехандро Домингес (38-мүнөт), Жоэл Кэмпбелл (55-мүнөт).  






УЕФАнын Чемпиондор Лигасы: Зенит-Боруссия

УЕФАнын Чемпиондор Лигасы. Олимпиакос-Манчестер Юнайтед

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
26.02.2014. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бугун эми Реал ойнойт буйурса.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: