Жалал-Абад. Курулуп жаткан имараттын жер төлөсүнөн ок атуучу курал менен жарылуучу заттар табылды

Сузак районунун Таш-Булак айыл округуна караштуу Жаңы-Чек тилкесинде курулуп бүтө элек имараттагы жер төлөдөн целлофан баштыкка салынган, ак футболкага оролгон 1 даана «Наган» үлгүсүндөгү тапанча, 14 даана 5.45 мм калибрдеги ок атуучу автоматтын октору, 2 даана жарылуучу заттар табылды. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда Жалал-Абад ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Курал-жарактар жөнүндө маалыматты Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилгендердин бири билдирди.
Учурда милиция кызматкерлери тарабынан иликтөө жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

