super.kg logo
  Саясат  

Эльмира Ибраимова: "КРнын Эсептөө палатасында 206 кызматкер иштейт"

 
"КРнын Эсептөө палатасында жалпы 206 кызматкер болсо, анын ичинен 113 кызматкер борбордук аппаратта иштейт. Бул маалыматты ЖКнын 20-декабрдагы жыйынында Эсептөө палатасынын төрайымы Эльмира Ибраимова билдирди. Айта кетсек, бүгүн парламентте аталган палатанын төрайымы отчёт берди. Учурда депутаттар аталган органдын ишмердүүлүгүн, андагы мыйзам бузуулар боюнча маселени кароодо. Депутат Ахматбек Келдибеков "Эсептөө палатасы бул - көз карандысыз орган, аны биз, депутаттар, "мындай иштедиң, тигиндей иштедиң" дегенге акыбыз жок. Ошондой эле булардын айлыгы да көз карандысыз болушу керек" деди. Буга депутат Анарбек Калматов каршы чыгып, "биз Эсептөө палатасынын төрайымын шайласак, андагы аудиторлорду дайындасак, палатанын иштөө түзүмүн да бекитип берсек, анан эмне үчүн буларды тескегенге акыбыз жок болот? Тийиштүү суроолорду берип, жооп алышыбыз керек" деди. Төрага Асылбек Жээнбеков да бул пикирди колдоп, депутаттардын суроо бергенге укугу бар экенин белгиледи.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: