Депутаттар министр Сариевге “иштей албасаңыз кетиңиз” дешти
Парламенттин 26-февралдагы
жыйынында экономика министри Темир
Сариев менен депутат Жылдыз Жолдошованын ортосунда пикир
келишпестик чыкты. Жолдошова министрге иштей албаганын айтты. “Эл ачка, ундун баасы 1500 сом, шекердин
баасы түштүктө 55 сом. Баткенге барсаңыз, андан да кымбат. Мыйыгыңыздан күлбөй, иштей албасаңыз кетиңиз”,- деди Жолдошова.
Автор: Автандил Добулбеков
Темир Сариев депутат жалган маалымат айтканын билдирип, “учурда шекердин баасы 42 сом” деди. Ошондой эле дыйкандарга жакшы шарттар түзүлүп жатканын айткан министр Жолдошованы дыйкандар менен жолугушуп көрүүгө чакырды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

