super.kg logo
  Саясат  

Ош: Сейил бактар боюнча ЖКнын комитети көчмө жыйын өткөрдү

 

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитети 25-февралда Ош шаарында көчмө жыйын өткөрдү. Анда “КРнын Жер кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланганын ЖКнын маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам долбоорунда маданий жана эс алуу сейил бактарына караштуу жерлерди инвестициялык ижара үчүн мөөнөтүн 15 жылга чейин көбөйтүү, ижарага алынган жердин 45 пайызынан кем эмесин жашылдандыруу сунушу белгиленген. Ижара мөөнөтү аяктаганда курулмалар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына акысыз берилет. Демилгечилердин бири Абдимуталип Кочкорбаевдин айтымында, мурда ижара мөөнөтү 5 жыл деп белгиленип, тилке-тилке болуп бөлүнбөй, бир эле адамга берилип келген. Ошондуктан сейил бактар эскирип бүттү.

Ош шаардык кеңешинин төрагасы Улан Примов сунушталган 15 жылдык мөөнөт өтө көп экенин айтты. Мындан сырткары инвестициясыз шаар өнүкпөй турганын, 15 жыл болбосо да 10 жылга берилиши туура деген пикирлер айтылды.

Жыйынтыгында сунуштарды эске алуу менен мыйзам долбоорун жактыруу чечими кабыл алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: