Жаңы түзүлгөн Улуттук оппозициялык кыймылдын негизги максаттары



Бүгүн, 26-февралда Улуттук оппозициялык кыймылдын жыйынында анын лидери Равшан Жээнбеков кыймылдын жакынкы максаттары менен тааныштырды. Максаттары төмөндө:
Автор: Нургазы Аматов
1) Аскар Акаев, Курманбек Бакиев түптөп, бекемдеп, азыр Алмазбек Атамбаев улантып жаткан өлкөнү башкаруунун авторитардык түрүн жана коррупциялык схемаларын токтотуу;
2) Жогорку Кеңеш жана КРнын Президенти менен биргеликте атайын комиссия түзүп, президент Алмазбек Атамбаевге берилген (узурпацияланган) мыйзамсыз ыйгарым укуктарын чектөө. Укуктук мамлекет принцибин калыбына келтирүү;
3) Парламентаризмди ар тараптан колдоо жана бекемдөө;
4) Бардык мамлекеттик бийлик органдарынан, айрыкча сот, укук коргоо органдарынан Конституцияда жана мыйзамдарда бекитилген ыйгарым укуктардын чегинде өз алдынча аракеттенишин талап кылуу;
5) Күчтүү жергиликтүү бийликти орнотуу (шаар башчыларын эл тарабынан шайлоо, алардын бийлик укугун кеңейтүү жана каражат эгемендүүлүгүн камсыздоо);
6) Президент Атамбаевдин бийликти узурпациялап алышына көмөк көрсөтүшкөн депутаттарды, аткаминерлерди аныктоо жана элге ачык жарыялоо;
7) Криминалдык авторитет Азиз Батукаевди бошоткон чыныгы күнөөкөрлөрдүн бетин ачуу, бийликтин криминал менен чырмалышына мыйзамдык бөгөт коюу;
8) Эркин басма сөзгө цензура киргизип, бийликтин КТРК, 5-каналга карата монополиясын жокко чыгаруу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
2

