Алмазбек Атамбаев Олимпиада оюндарынын ийгиликтүү өтүшү менен Владимир Путинди куттуктады
Бүгүн, 26-февралда президент
Алмазбек Атамбаев Орусия президенти Владимир Путинге Сочидеги XXII Кышкы Олимпиада оюндарын ийгиликтүү өткөргөндүгүнө байланыштуу телеграмма жолдоду. Муну президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Автор: Автандил Добулбеков
Мамлекет башчы Орусия президенти Путинди мелдештин жалпы эсебинде Орусия курама командасынын ишенимдүү жеңиши менен куттуктады жана эл аралык деңгээлдеги иш-чаранын мыкты уюштурулганын белгиледи. Атамбаев мунун баары Путиндин жеке ийгилиги да болуп саналарын айтат.
Путинге чың ден соолук, ийгилик, ал эми Орусия элине бакубаттуулук жана гүлдөп-өнүгүү каалады өлкө жетекчиси.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
2
2
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















