super.kg logo
  Спорт  

УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын “Реал” атаандашы “Шалькенин” дарбазасына 6 гол киргизди (фоторепортаж)

 
Бэйл жана Роналду
Карим Бензема өзүнүн кезектеги голун командалаштары менен белгилөөдө.
Криштиану Роналду өзүнүн 11-голун киргизип, Чемпиондор лигасынын алкагында бомбардирлер тизмегинде биринчи орунга чыкты.
Криштиану Роналду 2 гол, Карим Бензема 2 гол жана Гарет Бэйл 2 гол киргизди.
"Реал" бул жеңиш менен чейрек финалга чыкты деп ишенимдүү билдирсе болот.
69-мүнөт. Гарет Бэйл өзүнүн экинчи, команданын бешинчи голун киргизүүдө.
Криштиану Роналду бул күнү дарбаза туштап 7 сокку багыттап, анын экөөндө ийгиликтүү болуп чыкты.
Өз үйүндө ири эсепте жеңилген "Шалькенин" оюнчулары...
9-мүнөт. 9-катар санындагы Торрес оюн эсебин ачып жатат.
Дидье Дрогба өзүн атактуулукка жеткирген "Челси" клубуна каршы оюн өткөрдү.
65-мүнөт. Орельен Шеджу "Челсинин" оюнчуларынын коргонуудагы катасынан пайдаланып, эсепти теңөөдө.

Кечээ, 26-февраль түнү УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын жарым чейрек финалдык оюндарынын алкагында германиялык “Шальке” өз үйүндө мадриддик “Реалды” кабыл алып, күтүлбөгөн жерден ири эсепте жеңилүүгө дуушар болду. Германияга болгон сапарында “Реалдын” оюнчуларынан Криштиану Роналду, Карим Бензема жана Гарет Бэйл өз эсептерине экиден гол жаза алышты. Ал эми түркиялык “Галатасарай” менен англиялык “Челсинин” ортосундагы оюн 1:1 эсебиндеги тең чыгуу менен аяктады. Бул тууралуу УЕФАнын расмий сайты билдирет.

Эске салсак, бул командалардын ортосундагы жооптук оюндар 18-мартта өтөт.

Шальке 04” – “Реал” – 1:6

Голдор: Карим Бензема (13-мүнөт), Гарет Бэйл (21-мүнөт), Криштиану Роналду (52-мүнөт), Карим Бензема (57-мүнөт), Гарет Бэйл (69-мүнөт), Криштиану Роналду (89-мүнөт), Клаас-Ян Хунтелар (90+1).

Галатасарай” Челси” – 1:1

Голдор: Фернандо Торрес (9-мүнөт), Орельен Шеджу (65-мүнөт).  






УЕФАнын Чемпиондор лигасы. Шальке-Реал

УЕФАнын Чемпиондор лигасы. Галатасарай - Челси

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
27.02.2014. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Real алга!
27.02.2014. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
моладец реал алгааа
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: