super.kg logo
  Саясат  

Бөдөш Мамырова: “Мен эч кандай депутаттык топко кирген жокмун”   

 
“Мен эч кандай депутаттык топко кирген жокмун”,- деп билдирди депутат Бөдөш Мамырова парламенттин 27-февралдагы жыйынында. Айтымында, ал иш сапарында жүргөндө кесиптештери депутаттык топко киргенин жарыялап жиберишкен.

“Баткенден кечээ келдим, айрымдар менин себимди даярдап, депутаттык топко мүчө кылып коюшуптур. Мен эч кандай топко кирген жокмун, муну журналисттерге билдирип коёюн”,- деди Мамырова.

Эскерте кетсек, ЖКнын 26-февралдагы жыйынында депутат Равшан Жээнбеков “Демократтар” деген жаңы топ түзүлгөнүн, ага депутаттар Бөдөш Мамырова, Исмаил Исаков, Өмүрбек Абдрахманов жана өзү киргенин жарыялаган эле.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: