Бактыбек Калмаматов, депутат: “Оштогу асма көпүрөнү бүтүрүүгө шаардык бюджеттин күчү жетпейт ”
Жогорку Кеңештин 27-февралдагы жыйынында депутат Бактыбек Калмаматов: “Ош шаарындагы асма көпүрөнү курууга шаардык бюджеттин күчү жетпейт”,- деп билдирди. Айтымында, бул көпүрөнү сөзсүз куруп бүтүрүү керек.
“Курулушту борбордук бюджеттин эсебинен куруу зарыл. 500 миллион сомго бүтөт экен, быйыл шаардык бюджеттен 100 миллион сом бөлүнүптүр. Жыл сайын 100 миллиондон бөлүп отурсак, анда көпүрө 5-6 жылда араң бүтөт. Бул ишти өкмөт өз колуна алышы керек”,- деди Калмаматов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

