Абдыманап Кутушев: “Азыркы оппозициядагылардын шайлоо менен бийликке келүүгө көздөрү жетпейт”
Жогорку Кеңештин 27-февралдагы
жыйынында депутат Абдыманап Кутушев оппозициянын
иш-аракеттерин сындап чыкты. Айтымында, оппозиция төңкөрүш жасоо менен гана
бийликке келүүгө аракет кылып жатат.
Автор: Автандил Добулбеков
“Алардын сөзүн угуп отурсаң, Кыргызстанда жашоого мүмкүн болбой калыптыр. Иш жүзүндө андай эмес. КМШда Кыргызстандан өткөн демократиялуу мамлекет жок. Сөз эркиндиги ашып-ташууда. Булар шайлоо жолу менен бийликке келүүгө көздөрү жетпейт, анткени мурда жасаган иштери жетиштүү добуш алууга тоскоол болот. Ээрчий турган тарапташтары жок. Булар төңкөрүш жолу менен гана бийликке келмекчи”,- деди депутат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















