super.kg logo
  Саясат  

Бөдөш Мамырова өкмөт өкүлүнө: “Курсан Асановду биротоло "өрт өчүрүүчү" кылып алдыңар”

 

Жогорку Кеңештин 27-февралдагы жыйынында депутат Бөдөш Мамырова чек арачыларга өкмөт чара көрбөй жатканын айтып чыкты. Ал билдиргендей, Баткендеги чек арачылардын үйлөрү оор абалда.

“Чек арачылардын үйлөрүнүн чатыры жок, тамчы өтөт экен. Шарт түзүп бербей эле алардан талап кыла берүү да туура эмес”,- деди депутат. Наамдар боюнча пикир айткан депутат Баткен облусунун башчысы Жеңиш Разаковду мисал келтирди. 

“Оор кырдаалда аймакты көзөмөлдөп жаткан Жеңиш Разаков наамга татыктуу эмеспи? Курсан Асановду (ред. ички иштер министринин орун басары) болсо биротоло "өрт өчүрүүчү" кылып алдыңар. Кайсы жерде жаңжал чыкса, тиешеси бар-жогуна карабай ошол жерде жүрөт. Бул маселени да карап чыгыш керек”,- дейт Мамырова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: