super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстанда 27-февралга карата электр энергиясынын суткалык керектөөсү 68,6 миллион киловатт-саатты түздү

 

Кыргызстанда 2014-жылдын 27-февралына карата электр энергиясынын суткалык керектөөсү 68,6 миллион киловатт-саатты түздү. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 10,3 миллион киловатт-саатка көп. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, эң жогорку керектелген кубаттуулук - 3068 мегаватт. Бул көрсөткүч өткөн жылга караганда 314 мегаваттка жана белгиленген чектен 288 мегаваттка көп. 

Өткөн сутка ичинде электр энергиясын жана жогорку жүк түшкөн сааттарда кубаттуулукту лимиттен ашыруу төмөндөгүнү түздү: Бишкек шаары – 1,9 миллион киловатт-саат жана 165 мегаватт, Чүй облусу – 1,64 миллион киловатт-саат жана 67 мегаватт, Талас облусу – 0,35 миллион киловатт-саат жана 30 мегаватт, Ысык-Көл облусу – 0,49 миллион киловатт-саат жана 46 мегаватт, Ош шаары – 0,62 миллион киловатт-саат жана 14 мегаватт, Ош облусу жана Баткен облусунда – 51 мегаватт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: