super.kg logo
  Саясат  

Нурбек Мурашев, депутат: “Мага кылмыш иши козголду, буга каршы эмесмин. Бирок өлгөн аял боюнча адилеттүүлүк болбой жатат”

 
“Мага кылмыш иши козголду, буга каршы эмесмин. Бирок ооруканада өлгөн келин боюнча адилеттүүлүк болбой жатат”,- деди депутат Нурбек Мурашев ЖКнын 27-февралдагы жыйынында. Анын айтымында, комага түшүп, өзүнө келе албай каза болгон айым боюнча тийиштүү органдар ушул кезге чейин маалымат бербей жатышат.

“Мейли, биз уруштук дейли. Тууганым аялы үчүн дарыгер менен чырдашсын, кылмыш иши козголду. Бирок дарыгердин айынан каза тапкан аял боюнча ким жооп берет? Эки баласы жетим калды, адилеттүүлүк кана?”- дейт Мурашев.

Эскерте кетсек, буга чейин Улуттук госпиталда депутат жана анын тууганы менен дарыгердин ортосунда чатак чыккан. Дарыгер депутаттын кол көтөргөнүн айтса, депутат андай болбогонун, дарыгердин шалаакылыгынан тууганы каза болуп калганын айтып келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: