Ош шаардык салык башкармалыгы бирдиктүү салык декларациясын кабыл алууну күчөтөт
Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаардык башкармалыгы бирдиктүү салык декларациясын кабыл алууну күчөтүп жатат. Мындай билдирүүнү бүгүн, 27-февралда аталган башкармалыктын басма сөз катчысы Асылбек Абдырай уулу билдирди.
"Шаардагы бардык мамлекеттик органдарга кат аркылуу кайрылып, жер-жерлерде кезек менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Жергиликтүү телеканал аркылуу шаардын тургундарына маалымат берилген",- деди ал.
Эске салсак, юридикалык тараптардын бирдиктүү салык декларациясын берүүгө бир күн калды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

