Бишкекте “Жүрөктөн жүрөккө” аттуу кайрымдуулук акциясы өтөт
Эртең, 28-февралда борбор калаада “Жүрөктөн жүрөккө” аттуу кайрымдуулук акциясы өткөрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чара саат 10:00дө Жибек Жолу көчөсү-413 дарегинде жайгашкан "Коломто" муниципалдык имаратында өтөт. Кайрымдуулук акциясы туруктуу жашоочу жайы жок, жардамга муктаж адамдарга социалдык колдоо көрсөтүү максатында уюштурулат.
Акциянын алкагында турак жайы жок жарандарга мончого баруу мүмкүнчүлүгү, кийим-кече берилип, медициналык текшерүүдөн өтүү, тамак-аш берүү менен жардам көрсөтүү каралган. Бардык каалоочулар үйсүз адамдарга кайрымдуулук кыла алышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

