super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев тышкы иштер министри менен анын Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүндөгү иш сапарынын жыйынтыктарын талкуулашты

 

Бүгүн, 27-февралда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө министрдин Түштүк жана Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнө жасаган сапарларынын жыйынтыктары талкууланды.

Министр мамлекет башчыга Индия Республикасына, Ооганстан Ислам Республикасына, Малайзияга, Вьетнам Социалисттик Республикасына, Кытай Эл Республикасына жасаган сапарынын учурундагы сүйлөшүүлөр жана  жетишкен макулдашуулар тууралуу маалымат берди. 

Президент Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу багыттарда аталган өлкөлөр менен эки тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүү боюнча ишти улантуу тапшырмасын берди. 

Алмазбек Атамбаев мындан тышкары соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну жакшыртуу зарылчылыгына өзгөчө көңүл бурду.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: