Депутаттар Жогорку Кеңештин бир жыйынын Ош шаарында өткөрүүнү сунушташты
Парламенттин
27-февралдагы жыйынында депутат Айнуру
Алтыбаева Жогорку Кеңештин жыйындарынын бирин Ош шаарында өткөрүүнү
сунуштады. Айтымында, бул иш жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүүгө бир топ жардам
берет.
Автор: Автандил Добулбеков
“Ош шаарында болуп келдик, асма көпүрө сыяктуу социалдык-экономикалык көйгөйлөр көп. Жыйыныбыздын бирин Ош шаарынан өткөрүү - учур талабы”,- деди Алтыбаева.
Буга чейин депутат Бактыбек Калмаматов “Ата Мекен” фракциясы шаардагы асма көпүрөнү баары бир куруп бүтүрүү керек деген чечимге келгенин, ал үчүн курулушту борбордук бюджеттен каржылоо зарылдыгын айткан эле.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

