Кыргызстандын сугат тармагына быйыл бюджеттен 106 миллион сом каралды
Кыргызстандын сугат тармагына быйыл бюджеттен 106 миллион сом каралды. Муну бүгүн, 27-февралда ЖКнын жыйынында вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирди. Айтымында, бүгүнкү күнгө карата бул акчанын 22 миллион сому гана келип түштү.
“Бул акчага 90 чакырым канал калыбына келтирилди. Суу топтоочу 300 жайды Айыл чарба министрлигинин карамагына өткөрүү чарасы көрүлүп жатат. Анткени аларды кароого жергиликтүү бийликтин күчү жетпей жатат”,- деп билдирди Сарпашев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

