super.kg logo
  Саясат  

Депутат Нурбек Мурашевдин туугандары: "Кыздын өлүмүнө дарыгерлер күнөөлүү"

 

Бүгүн, 27-февралда ЖКнын депутаты Нурбек Мурашевдин тууганы Нурмухаммед Мамбеталиев: “14-февралда Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүндө аялым Арстанбек кызы Алтынайдын өлүмүнө аны көзөмөлдөгөн дарыгерлер күнөөлүү”,- деп билдирди.  

Анын айтымында, каза тапкан айымды көзөмөлдөгөн дарыгер Сауле Темирбаева салкын мамиле менен караган.

“Ал айткан керектүү дарыларды алып келчүбүз. Бирок алар жардам берген жок. Дарыгерлер “энеси асма дары алып жаткан учурунда картошка жана эт менен тамактандырды” дешет. Бул калп, себеби Алтынай комада болгон, ага тамак берүү мүмкүн эмес болчу”,- дейт Мамбеталиев.

Эскерте кетсек, кечээ, 26-февралда КРнын Башкы прокуратурасы "дарыгер Жамал Тургунбаевди ур-токмокко алган" деп айыпталган ЖКнын депутаты Нурбек Мурашев жана анын тууганы Н.Мамбеталиевге КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “ээнбаштык” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: