Бишкекте мыйзамсыз курулган үй сүрдүрүлдү
Бишкектин Жумабек көчөсүндө мыйзамсыз курулган үй сүрдүрүлдү. Бул тууралуу 27-февралда мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 4*4 чарчы метр жер тилкесине курулган үйдүн тийиштүү документтери болгон эмес. Мэриянын Турак жай курулушу департаменти тарабынан сүрүлгөн үйдүн ээси административдик укук бузуулар боюнча күнөөлүү деп табылды. Ленин райондук соту аны 10 миң сом өлчөмүндөгү айып пул төлөтүү чечимин чыгарды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

