super.kg logo
  Саясат  

Башкы прокуратура: Депутат Нурбек Мурашевдин тууганынын өлүмүнө дарыгерлер себепкер болушса, алар жоопко тартылышат

 

Депутат Нурбек Мурашевдин тууганынын өлүмүнө дарыгерлер себепкер болушса, алар жоопко тартылышат. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда КРнын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди. 

А.Арстанбек кызы көз жумган күнү анын өлүмүнүн себептерин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Азыркы тапта Бишкек шаардык прокуратурасы иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Оорукананын кызматкерлеринин кылмышка катыштыгы бар экени аныкталса, алар сот жообуна тартылышат",- деп маалымдайт мекеменин басма сөз кызматы.

Маалым болгондой, 2014-жылдын 10-февралында депутат Нурбек Мурашевдин инисинин аялы А.Арстанбек кызы Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнө жаткырылган. 12-февралда бейтаптын ден соолугу начарлагандыгынан жандандыруу бөлүмүнө которулган.

13-февралда саат 11:00 чамасында Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Мурашев менен анын иниси Н.Мамбеталиев Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнүн башчысы Жамал Тургунбаевди ур-токмокко алышкан. Жаракат алгандыктан, дарыгер Тургунбаев Улуттук госпиталга жаткырылган.

Ошол эле күнү депутат дарыгерге кол көтөрбөгөнүн айтып, туура эмес диагноз койгону үчүн Жамал Тургунбаевди соттоторун билдирген.

ЖКнын депутаты менен дарыгердин ортосундагы чырдашуунун себеби болгон аял 14-февралда көз жумган.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеште 6-февралда "Кумтөр" боюнча токтом кабыл алынган. Ага каттоодон өткөн 97 депутаттын 60ы "макул", 35и "каршы" добуш берген. Анда "Республика" фракциясынан депутат Нурбек Мурашев "каршы" добуш берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: