super.kg logo
  Спорт  

Оор атлетика курама командасы жаштар арасындагы Олимпиадага жолдомо ойнотулуучу мелдешке аттанышат

 

1-2-март күндөрү оор атлетика боюнча Кыргызстан жаштар курама командасы Таиландда өтө турган Азия чемпиондугуна катышат. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылы Кытайда өтө турган жаштар арасындагы Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотула турган мелдешке Кыргызстандан 8 спортчу аттанууда. Жалпысынан өз өлкөлөрүнүн намысын 28 мамлекеттин өкүлдөрү талашышат. Олимпиадага жолдомо алуу үчүн командалык эсепте алдынкы бештикке кирүү керек.

Жаштар арасындагы курамга 6 салмак категориясы боюнча 8 спортчу кирген. 50 килограмм салмакта Кадырбек Айтбеков, 56 килограммда Искендер Саламатов, 62 килограммда Манас Стамалиев 85 килограмм салмакта Канболот Абышка уулу жолдомо үчүн күрөшүшөт. Ал эми Аскат Анардин уулу жана Рустам Тажидинов 69 килограмм салмакта аттана турган болсо, Курсант Толонов жана Урмат Сыргабаев 77 килограмм салмакта күч сынашат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: