super.kg logo
  Саясат  

Кудайберген Базарбаев: "Чек арада жайгашкан айылдардын социалдык инфраструктурасы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин талаптарына жооп бериши керек”

 
Социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев Баткен облусундагы “Үмүт” борборунун ачылышында “чек ара аймагында жайгашкан айылдардын социалдык инфраструктурасы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин талаптарына жооп бериши керек” деди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. 
"Азыркы тапта өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө көп көңүл буруп жатат. Мекемелер аралык түзүлгөн жумушчу топ чек ара аймагындагы айылдардын социалдык суроо-талаптарын изилдеп жатат. Балдарды башка облустардагы жатак-үйлөргө жөнөткөн учурларды жоюуну максат кылып жатабыз. Биз үчүн баланын өз үй-бүлөсүндө өскөнү маанилүү”,- деди министр. 
Ошондой эле жаңы ачылган борборго Самаркандек айылы эле эмес, Ак-Сай, Ак-Татыр айылдарынан балдар келиши керектигин айтты. 
ЮНИСЕФтин жардамы менен негизделген борбор психологиялык ооруга чалдыккан балдар үчүн ачылды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: