super.kg logo
  Саясат  

Кара-Кече окуясы: Дайыны табылбай жаткан милиция кызматкери Рустам Токтогуловду тапкан адам 5 миң доллар менен сыйланат

 
2014-жылдын 20-февралында Жумгал районунда өтүп жаткан соттогу чырдан кийин качып, бүгүнкү күнгө чейин табылбай жаткан айыпталуучу милиция кызматкери Рустам Токтогуловду тапкан адам 5 миң доллар менен сыйланат. Бул тууралуу бүгүн, 28-февралда Рустам Токтогуловдун эжеси Бегай Абдыкадырова SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, сыйлык тууралуу маалымат аталган аймактагы радиостанциялар аркылуу жарыяланат. Учурда Рустам Токтогуловдун туугандары укук коргоочулар менен биргеликте издөө иштерин жүргүзүп жатышат.
Белгилей кетсек, Рустам Токтогуловдун жоголгонуна 8 күн болду. Муну ИИМдин басма сөз кызматы тастыктады.
Эске салсак, Кара-Кечеде каза болгон Айбек Мамбеталиевдин жакындары 20-февралда болгон сот отурумунда жаңжал чыгарышкан. Анда айыпталып жаткан 3 милиция кызматкерин көздөй күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөр ыргытылып, залда өрт чыккан. Натыйжада бир милиция кызматкери катуу сабалып, күйүк алган. Экинчисин милиция кызматкерлери аман алып калышкан. Үчүнчүсү Рустам Токтогулов тууралуу "ал Көкөмерен дарыясына ыргытылган" деген болжолдуу маалыматтар жарыяланган.

Ал эми 21-февралда Жумгалдагы элдик сот боюнча “адам өмүрүнө кол салуу”, “сот адилеттигин жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу”, “бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү”, “мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу” беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: