super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш жазгы талаа иштерине даярдыкты жакшыртуу боюнча өкмөткө тапшырма берди

 

Жогорку Кеңештин 27-февралдагы жыйынында жазгы талаа иштерине даярдыктын жүрүшү боюнча өкмөт маалымат берди. Жыйынга вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев баштаган өкмөт өкүлдөрү, тиешелүү мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, айыл чарба адистери катышты.

Талкуу жүрүшүндө айыл чарба тармагын өнүктүрүү саясатын иштеп чыгуу сунушу берилди. Өндүрүлгөн продукциянын сапатын аныктай турган лабораторияларды курууну тездетүү, айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштетүүчү ишканаларды куруу, насыяга алынган акчаларды калыс бөлүштүрүү жаатында пикирлер айтылды. Суу пайдалануучулар ассоциациясы өзүн-өзү актап-актабагандыгы, суу насостук станцияларын калыбына келтирүү менен сугат жерлеринин аянттарын көбөйтүү маселелери такталды.

Жыйынтыгында Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынып, өкмөткө жазгы талаа иштерине карата даярдыкты жакшыртуу, дыйкандарды сапаттуу үрөн менен камсыз кылуу, лизингге келчү техникалардын насыялык ченин азайтуу мүмкүнчүлүгүн кароо, сугат тутумун жөнгө салуу тапшырмалары берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: