super.kg logo
  Саясат  

КМШдагы органикалык айыл чарба өнүмдөрү боюнча түйүнгө Кыргызстандын дагы кошулуу укугу бар

 

Германиянын Нюнберг шаарында өткөн органикалык айыл чарбаны өнүктүрүүгө байланышкан “Bio Fach” Эл аралык көргөзмөсүнө кыргызстандык өкүлдөр да катышты. Муну 27-февралда “Парламент” радиосундагы маегинде “Bio KG” органикалык кыймыл федерациясынын жетекчиси Искендербек Айдаралиев билдирди.  

Айтымында, кыргызстандык дыйкандар өндүргөн айыл чарба продукцияларынын 60-65 пайызы органикалык айыл чарба өнүмдөрү болуп саналат. “Ошондуктан аларды экспортко алып чыгууда эл аралык таасири бар сертификаттарга ээ болушубуз керек. Бул багыттагы маселени талдап, Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, экология, суу ресурстары жана регионалдык өнүгүү комитети 7 пункттан турган тапшырманы өкмөткө тапшырган. Эми анын жыйынтыгын 1-мартта угушубуз керек”,- дейт Айдаралиев.

Жогорку Кеңештин аппарат кызматкери Нурбек Мамбетсадыков буларды билдирди:

“Органикалык азык-түлүктөрдү өнүктүрүүнүн негизги принциптеринин бири – анын курамында ГМО элементтери болбошу керек. Бул тууралуу депутат Эркингүл Иманкожоева демилгелеп жаткан мыйзам долбоорун депутаттардын басымдуу бөлүгү колдоп жатышат. Азыр ал экинчи окууга келип калды, эгер парламент колдой турган болсо, 2015-жылдан тартып күчүнө кирет”.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: