Таалай Айдаров, коомдук ишмер: "Канатбек Исаевди өкмөттүн Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан алууну талап кылабыз"
Бүгүн, 28-февралда маалымат жыйынында 2010-жылдын 7-апрелинде Бишкекте болгон окуянын катышуучусу Таалай Айдаров “Канатбек Исаевди өкмөттүн Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан алууну талап кылабыз” деп билдирди.
Анын айтымында, Канатбек Исаев Токмок шаарынын мэри болгон учурунда ага 20дан ашуун кылмыш иш козголгон.
“Эми Канатбек Исаев Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан пайдаланып, ага козголгон кылмыш иштерди караштырган органдарга кысым көрсөтүп, таза болуп чыгышы толук мүмкүн”,- дейт Таалай Айдаров.
Эскерте кетсек, 2014-жылдын 20-февралында Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

