super.kg logo
  Саясат  

КСДП фракциясы Кыргыз-Түрк “Манас” университети боюнча келишимди жаңыртуу демилгесин колдоду

 

Кыргыз-Түрк “Манас” университети боюнча келишимди жаңыртуу демилгесин КСДП фракциясы 28-февралда колдоого алды. Ал үчүн “Анкара шаарында 2011-жылдын 26-апрелинде кол коюлган КРнын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин андан аркы иши жөнүндө келишимин ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоорун ратификациялоо зарыл.

Билим берүү жана илим министри Канат Садыковдун (сүрөттө) айтымында, эки өлкө ортосундагы билим берүү жаатында, анын ичинде Кыргыз-Түрк “Манас" университети боюнча кызматташтык мамилелерди кеңейтүү жана аны андан ары өркүндөтүү максатында 1995-жылы түзүлгөн келишимди жаңыртуу милдети турат. 2011-жылы мындай демилге көтөрүлгөн, бирок ал парламентте колдоо таппай калган.

Талкуу жыйынтыгында фракция мүчөлөрү сунуш кылынып жаткан мыйзам долбоорун колдоо чечимине келишти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: