super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде учурда 4370 студент билим алат

 

Бишкек шаарындагы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде учурда 4370 студент билим алат. Муну КСДП фракциясынын 28-февралдагы жыйынында билим берүү жана илим министри Канат Садыков билдирди.

Кыргыз тараптан 467, түрк тараптан 152 окутуучу иштеп жатат. Студенттерге 3 миң сомго чейин стипендия төлөнүп, университеттин диплому эки өлкө аймагында тең жарактуу экени айтылды. Келишимге ылайык, жогорку окуу жайды эки тарап 50х50 пайыздан каржылай турганына карабай, каржылык чыгымдын көбүрөөк бөлүгүн түрк тарап тартып келгени белгилүү болду. Акыркы 3 жыл аралыгында Кыргызстан 515 миң доллар бөлсө, Түркия 52 миллион 901 миң доллар бөлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: